Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга милиция кызматкерлери менен бирге Актөш аттуу робот ит да тартылды.
ИИМдин маалыматына караганда, заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди милициянын ишмердүүлүгүнө киргизүү багытында Актөш аттуу робот ит алып келинген. Ал коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлерине жардам берет.

"Учурда майрамдык иш-чаралар учурунда Актөш тартип сакчылары менен бирге кызмат өтөп жатат", - деп айтылат маалыматта.
ИИМден белгилешкендей, заманбап технологияларды колдонуу милициянын кесипкөйлүгү менен салттуу иш ыкмаларын айкалыштырууга багытталган.