Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Таласта мыйзам талабын бузган курулуш компаниясы 200 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүдө Талас районуна караштуу Чоң-Токой айылындагы таза суу системасынын курулушунда техникалык регламенттер жана курулуш ченемдери сакталбаганы аныкталды.
Натыйжада курулуш иштерин аткарып жаткан "НТ ГРУПП-СТРОЙ" ЖЧКсына карата 200 миң сом айып пул салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилди.