Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 11 Сентябрь 2025 16:26

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Талас облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында "Mercedes-Benz Sprinter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулду. Бул унааны текшерүүдө тиешелүү документтери жок, болжолдуу көлөмү 3500 литр болгон күйүүчү май табылган.

Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.