Таласта "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси реконструкцияланууда

Аймак 17 апрель 2026 15:25
673121575_1463894821876229_7079113151894081653_n.jpg
672677483_1463894808542897_3767296351532195759_n.jpg
672689829_1463894798542898_7357163614924072401_n.jpg
674121329_1463894775209567_1722843590817613732_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Таластын Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин реконструкция жана курулуш иштери уланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 150 млн сомду түзөт. Учурда бетон куюу жумуштары жүрүп жатат.

Башкы планга ылайык, маданий комплекстин аймагында төмөнкү объекттерди куруу каралган:

  • залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи;
  • заманбап кинотеатр;
  • китепкана;
  • мейманкана.

Белгиленгендей, долбоор тарыхый-маданий багыттагы ири демилгелердин бири болуп саналат жана өлкөдө маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган.