Таласта үч өнөр жай заводунун курулушу башталды

Министрлер кабинети 1208 21 Май 2025 14:29
682d89c594653.jpeg
682d89eb91d2c.jpeg
682d89e30276f.jpeg
682d89e88f289.jpeg
682d89cda12ad.jpeg
682d89cb8bb7d.jpeg
682d89c09155c.jpeg
682d89bd53237.jpeg
682d89b7656d3.jpeg
682d89b9ba78d.jpeg
Алдыга
Артка
682d89c594653.jpeg
682d89eb91d2c.jpeg
682d89e30276f.jpeg
682d89e88f289.jpeg
682d89cda12ad.jpeg
682d89cb8bb7d.jpeg
682d89c09155c.jpeg
682d89bd53237.jpeg
682d89b7656d3.jpeg
682d89b9ba78d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдорун куруу үчүн капсула салуу аземине катышты.

“Бул кадам -  Кыргыз Республикасынын экономикасын жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык маанидеги иш-аракет. Акыркы 4 жылда мамлекеттин экономикасы 9-10%дык өсүштөгү темп менен алдыга бара жатат. Жыл сайын жүздөгөн ишканалар, заводдор, фабрикалар, соода логистикалык борборлор ачылууда. Бул заводдор жаңы технологияларга негизделип иштей турган, көптөгөн адамдарга жумуш орундарын түзгөн, аймактын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошкон ишканалар болот деп үмүт артабыз”, - деген Касымалиев заводдор аймактын курулуш тармагына маанилүү жардам болорун кошумчалады.

Жаңы заводдор Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Кара-Дөбө участкасында курулат. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 120 тоннага чейин болот. Анда 60 жумуш ордун түзүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 84,3 млн сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. 

Бардык иштер 2025-жылдын сентябрында аяктайт деп болжолдонууда.