Таласта бир катар мектептерге заманбап техникалар тапшырылды

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Талас облусунун Талас жана Бакай-Ата райондорундагы мектептерге Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунун эсебинен сатылып алынган заманбап техникалар тапшырылды. 

Парламенттен билдиришкендей, Кум-Арык айылындагы К.Нурбеков жана Таш-Арык айылындагы А.Эсенбеков орто мектептерине, ошондой эле Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов орто мектебине заманбап компьютер, интерактивдүү такта жана принтерлер белекке берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков  мындай иш-аракеттер жаш муундун сапаттуу билим алышына ыңгайлуу шарт түзөрүн жана мугалимдердин жумушун жеңилдетерин белгилеп, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошорун билдирди.