Таласта айыл чарба жана туризм тармагын өнүктүрүү негизги багыт катары колго алынган

Аймак Загрузка... 29 Октябрь 2025 16:16
1446796.ca09acd4caeb56e5b90daffde06dee23.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Талас облусунда айыл чарба жана туризм тармагын өнүктүрүү негизги багыт катары колго алынган. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Кабар подкастка билдирди.

Анын айтымында, облуста калк аз, көп учурларда товар жеткирүү кыйын болгондуктан облусту өнөр жай аймагына айлантуу өтө оор.

“Бишкектен баратканда 3 миң метрден бийик 2 ашуу бар. Негизи облуска товар жеткирүү, логистика тармагы кымбат. Көп учурда чийки затты биз Кытайдан алабыз. Ошонун баарын эске алуу менен биз айыл чарба жана туризм тармагын өнүктүрүүнү негизги багыт катары колго алып жатабыз. Ал эми билим берүү, саламаттык сактоо катар кетип жаткан иштер”,- деди Жумаев.

Талас облусунда пландалган долбоорлордун бардыгы 2026-жылдын август айына чейин аяктарын Жумаев билдирди.

“Бардык жерде курулуштар жүрүп жатат. Кыш келип калгандыгына байланыштуу азыр даярдык иштерин жүргүзүп, жаз менен курулуштарды баштайбыз. Азыр курулуш ылдам темп менен эле бүтөт. Негизгиси эле каражат болуш керек. Каражатты президентибиз берип, тапшырманы койду. Биз долбоорлорду иштеп чыгып бекиттик. Ары жагын бат эле бүтүрөбүз”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, 2026-жылы Эгемендүүлүк күнүн Талас облусунда белгилөө пландалган.