Таласта 9 томолой жетим балага жер тилкелери берилди

Аймак 18 июнь 2025 16:29
Таласта 9 томолой жетим балага жер тилкелери берилди

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Таласта 9 томолой жетим балага жер тилкелери берилди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында текшерүү жүргүзүлүп, анда 9 бала жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында 9 балага укук таануучу документтери тапшырылып, жер тилкелерге ээ болушту