Таласта 21 миңден ашуун "акылдуу" эсептегич орнотулду

Аймак 15 июль 2025 11:20
504376930_706983305640049_7734020522747081388_n.jpg
518314723_706984082306638_3992405010810050913_n.jpg
518355701_706983818973331_9107884408274990898_n.jpg
518319749_706983662306680_5355160045750999035_n.jpg
518295117_706983858973327_3114184499206121871_n.jpg
518290367_706984102306636_3190398530682845180_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Талас электр тармактар ишканасы

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда пландалган 35 688 даана акылдуу эсептегичтин ичинен 21 370 даанасы орнотулуп бүттү.

  • Бакай-Ата районунда пландалган 7 800 даана эсептегичтин ичинен — 5 981 даанасы орнотулду.
  • Айтматов району 11 360 даана эсептегич пландалып, анын 6 098 даанасы орнотулду.
  • Талас району 11 328 даана эсептегичтин ичинен — 6 586 даанасы ийгиликтүү орнотулду.
  • Манас району 5 200 даананын ичинен — 2 705 даанасы туташтырылды.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.