Таласта 14 студентке мыйзамсыз диплом берилген. Кылмыш иши козголду

Укук тартиби 22 апрель 2025 11:23
Таласта 14 студентке мыйзамсыз диплом берилген. Кылмыш иши козголду

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде окууга келбеген жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.