Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Талас шаарында Россия тарабынан курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жолугушууга президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков катышты.
Тараптар долбоордун мындан аркы этаптары жана курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү маселелери тууралуу сөз кылышты.
Белгилей кетсек, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда 9 мектеп курулат, анын бири Талас шаарында салынат. Учурда мектепти куруу үчүн керектүү инженердик жумуштары толук аяктаган.