Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Талас облусунда массалык түрдө тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 30-майында болгон. Уулануунун натыйжасында 12 адам жабыркаган. Алардын бири ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда. Ооруканага жаткырылган жабырлануучу бүгүн ооруканадан чыгарылды.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгында жабыркагандардын бардыгы күн мурун Талас шаарындагы “Казань Шаверма” тез татым дүкөнүнөн сатып алынган шаурма жегени аныкталган.
Санитардык кызматтын кызматкерлери мекемеде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Продукциянын үлгүлөрү лабораториялык анализге алынып, учурда изилдөө иштери уланууда.
Тез тамактануучу жайды текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Укук бузуулар кодексинин 80 жана 214-беренелеринин 5-бөлүмү боюнча жалпы суммасы 36 000 сомдук административдик протоколдор түзүлдү.
Тамактан уулануудан кантип сактануу керек
Тамактан уулануу патогендик микроорганизмдер же токсиндер менен булганган тамак-ашты колдонуудан келип чыгат. Өзгөчө коркунучтуу эт жана балык тамактары, сүт азыктары, майонез кошулган салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар температуралык режимди сактабастан сакталса.
Абанын жогорку температурасынын шартында, азыр республикада болуп жаткандай, бактериялар айрыкча тез көбөйөт. Саламаттык сактоо министрлиги алдын ала чараларды көрүүнү сунуштайт:
-Муздаткычта сакталбаган тамактарды жебеңиз;
-Көчөдө сатылган тамак-ашты сатып алуудан алыс болуңуз;
-Муздаткычы жок каймак, креи кошулган кондитердик азыктарды сатып албаңыз;
-Гигиенаны сактаңыз: колду, жашылча-жемиштерди жууп, чийки жана бышырылган азыктар үчүн өзүнчө такталарды колдонуңуз;
-жарамдуулук мөөнөтүн текшериңиз.
Уулануунун белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу керек.