Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Талас шаарында санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 10-11-сентябрь күндөрү базар жана бир катар соода жайлары убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордук базар, кийим-кече жана курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, автотетиктерди сатуучу жайлар, вулканизациялар жана башка соода түйүндөрү эки күнгө жабылат.
"Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, ошондой эле азык-түлүк дүкөндөрү ишин улантат", — деп айтылат маалыматта.