Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Талас шаарында 1 млрд 50 млн сомго 9 долбоор ишке ашып жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, биринчи, экинчи, үчүнчү долбоор бул асфальт, бетон жана кум-шагыл чыгаруучу завод.
“Атайын заводдорду сатып алып, иштетип жатабыз. Калган эки заводду 10-15 күндүн ичинде ишке беребиз. Курулуш материалдарын өзүбүз чыгарып колдонсок, сапаты жогору, баасы төмөнүрөөк болот. Андан тышкары, Талас шаарындагы эски парк кайрадан курулуп, Кытайдан 8 аттракцион сатып алып жатабыз”, - деди президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Талас облусунун жери саздагыраак болгондуктан курулуштар убакыттан кармалып жатканы маалымдалды.
“Талас облусунда курулуш иштеринин кармалганынын себеби, жер саздагыраак келип, жерди казганда 1 метрден суу чыгат. Эки жерден суу чыгып, суунун тартылышын күттүк. Экинчисинде курулуштун конструкциясын өзгөртүүгө туура келди”,- дейт ал.
Ошондой эле Токмок менен Кара-Балта шаарларынын мисалдары чоң сабак болуп, өкүлчүлүк атайын кызмат, ИИМдин Талас шаарындагы бөлүмү, прокуратура кызматы менен байланышта иш алып барып, ар бир долбоордун так аткарылышы көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.