Талас шаары 45 пайыз гана таза суу менен камсыздалып келген - Жумаев

Аймак Загрузка... 28 Октябрь 2025 17:31
331841570031886_big.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Талас шаарынын эли 45 пайыз гана таза суу менен камсыздалып келген. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 45 пайыз эл суу тосмо аркылуу таза суу менен камсыздалса, калгандары жер алдынан өз алдынча чыгарып алган техникалык сууну ичип келишкен.

“Биз азыр Талас шаарына 2000 м3 резервуары менен жаңы башкы суу тосмосун куруп жатабыз. Бир айдын ичинде ишке берсек, шаар эли 100 пайыз таза суу ичип калат. Андан тышкары, облустун ар бир айылына таза суу маселеси боюнча өзүнчө иш аракеттер жүргүзүлөт”, - деди Жумаев.