Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Бүгүн эртең менен болгон шамалдын кесепетинен Талас облусунда 7 турак жайга зыян келтирилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Айтматов районунда жалпысынан 7 турак үй, 1 кароолчунун үйү, 1 сарай, 1 бастырма жана 1 электр мамычасы жабыркаган.