5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз программадагы максаттарга ылайык, Талас облусу тарабынан сунушталып жаткан долбоорлорго токтолобуз.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Талас облусу тарабынан өнүктүрүү программасына бардык тармактарды камтыган долбоорлор сунушталган. Анын ичинде айыл чарба, туризм тармактарына өзгөчө артыкчылык берилүүдө.

“2024-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Талас облусунун өнүктүрүү программасы иштелип чыккан. Документ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен бекитилген. Өнүктүрүү долбооруна ылайык, Талас облусунда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашат. Бул максаттарга 3 млрд 200 млн сомдой каражат каралган”, - деди ал.
Туризм тармагында ишке аша турган долбоорлор:
Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо жана өнүктүрүү. Улуттук комплекстин реконструкция иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Реконструкциянын алкагында комплекстин аянты кеңейтилет. Бул иштер “Манас Ордо” комплексин Борбор Азиядагы ири маданий жана технологиялык борборго айлантуу максатын көздөйт.

Беш-Таш туристтик комплексин куруу. Талас облусунда “Беш-Таш” жаратылыш паркынын аймагына курула турган заманбап туристтик комплекс ири долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордун жалпы наркы 265 млн сомду түзөт. Мында а-фрейм үйлөрдү, ресторандарды куруу каралган. Ошондой эле асма жол салынат. Долбоор экотуризмди өнүктүрүү, Таластын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Ч.Айтматовдун ааламы. "Ч.Айтматовдун ааламы" аттуу комплекс жазуучунун кичи мекени Шекер айылына курулат. Анын аймагына Айтматовдун каармандарын чагылдырган композициялар коюлат. Китепканалар, эс алуу жайлары жайгашат. Бул жер жазуучулардын чордонуна айланып, Айтматовдун чыгармаларын кызыгып окуган жарандардын, чет өлкөлүк туристтердин келүүсүнө өбөлгө түзөт.

Баластан шаарчасын куруу. Долбоордо ылайык, шаарчада балдардын эс алып, көңүл ачуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аттракциондор, музейлер жана башка кызыктыруучу жайлар курулат.
К. Нуржанов аллеясын жаңылоо. Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясы толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу багына айландырылат. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 300 млн сом бөлүнгөн. Аллея шаардагы эң кооз аймактардын бири болуп, туристтерге, шаар конокторуна жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аллеяда жайгашкан турак жайлар менен соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү да жаңыланып, жаңы парктын архитектуралык стилине ылайык иретке келтирилет.

"Талас-Атлах" салгылашуусуна арналган комплекс куруу. "Талас-Атлах" салгылашуусу дүйнөлүк мааниге ээ. Бул салгылашуу 751-жылы Талас дарыясына жакын жерде өтүп, дүйнөлүк 10 чоң салгылашуунун ичине кирет. Ошондуктан бул комплекс курулса, жаӊы туристтик маршруттарды, ички жана чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, алардын келүүсүнө өбөлгө түзөт. Быйыл долбоорун иштеп чыксак, 2026-жылы курулуш иштери башталат.
Ошондой эле облус башчысынын айтымында, Талас шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет.

“2025-жылы Талас шаарына алгачкы жолу мамлекеттик бюджеттен инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого, аэропортту жаңылоого 1 млрд сом бөлүнүп берилген. Учурда Талас шаарында борбордук парктын курулушу жүрүүдө. Шаардын четине базар, вокзалды курууну да мерчемдеп жатабыз. Туризмди өнүктүрүүдө туристтик фирмалар менен иш алып баруудабыз. Жакын арада жөө жүрүүчү багыттарды иштеп чыгабыз. 25-27-июль күндөрү өзбекстандык, казакстандык туристтик операторлор менен биргеликте 3 күндүк тур башталат. Бул иштер облустун туристтик потенциалын жарнамалоого жардам берет деп эсептейбиз. Мындан тышкары Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте бир катар иштер аткарылганын айта кетүү керек”, - дейт облус башчысы.

Эрмат Жумаев белгилегендей, айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында да долбоорлор иштелип чыккан. Мында айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштете турган ири завод курулганы жатат.
“Бул долбоор учурда даяр болуп калды. Быйылкы жылдын күз айларында же кийинки жылдын жаз айларында курулуш иштери башталганы турат”, - дейт облус жетекчиси.