Талас облусу Россиядан 100 баш меринос породасындагы кой алат

Коом 3 июнь 2025 13:04
095f790a-bc30-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
5434aa53-ded0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
f0e2cd9a-b159-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
f3c4f36e-f8bd-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
27107746-4d57-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Талас облусу Россиядан 100 баш меринос породасындагы кой алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Талас облусунун Молдо Асан айылындагы М. Лущиков атындагы кой совхозуна Россиядан 100 баш меринос кой алынып келинет.

Учурда чарбада кой кыркуу кызуу жүрүп жатканы белгиленди. Чарбада бардыгы болуп 6 миң меринос кой бар. Үстүбүздөгү жылдын январында алардын саны 5 миңди түзгөн.

«Ар койдон 4-7 килограммдан 64-70 процентке жогорку сапаттагы жун алынат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган породадагы койлордун жүнү уяң болот. Жүндү кыркып алгандан кийин сорттоп, таңгактап, анан килограммын 200-250 сомдон жүндү кайра иштетүүчү ишканага сатышат. Меринос койлору Кыргызстандын климаттык шартына жакшы ыңгайлашып, тез өсүп, салмак кошуп, жүнүнүн баалуулугу менен айырмаланат.