Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Талас мамлекеттик университетине 5 кабаттуу жаңы кампус курулат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ѳкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык университеттин эски имараты буздурууда.
Талас мамлекеттик университети — Талас облусундагы жогорку билим берүүчү алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул университети жергиликтүү жаштарга жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.
“Биздин университетте жаңы доор башталганы турат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Курулуш иштери ушул жылы башталат, учурда жаңы салына турган имараттын долбоору даярдалууда. Жаңы кампус бардык окуу куралдар менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, - деди Эрмат Жумаев.
Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Университеттин билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.