Талас: Кең-Арал айылындагы спорттук комплекстин курулушу аяктап калды

Аймак 2 сентябрь 2025 16:42
542653836_1282979926634387_6800302453628132412_n.jpg
540545394_1282979923301054_1683806451046809111_n.jpg
540708174_1282980053301041_2784499630789468005_n.jpg
541215253_1282979993301047_4101316841681080099_n.jpg
541466566_1282979989967714_4752743112188922818_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап спорткомплекстин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Объекттин курулушу өткөн жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Тендердик баасы 59 млн сомду түзөт.

Жалпы аянты 765 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу спорткомплекс заманбап талаптарга жооп берип, спортчулар үчүн бардык шарттар каралат.

Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылды, жыл аягына чейин объектини пайдаланууга берүү пландалууда.