Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Талас облусундагы эң чоң көйгөй буурчактын баасынын төмөндүгү болууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Кабар подкастка билдирди.
Анын айтымында, Талас облусу жылына 50 миң тонна буурчакты 20дан ашык өлкөгө экспорттойт.
“Облуста дыйкандар негизинен буурчак менен жан багышат. Бир жылы баа жакшы болсо, бир жылы начар болуп калат. Былтыр буурчактын баасы жакшы болду мисалы, кызыл буурчак 105-120 сомго чейин жеткен. Ал эми “Лопатка” сортундагы буурчактын баасы 130-150 сомго чейин көтөрүлүп кайра түшкөн. Ал эми быйыл кызыл буурчак 90-95 сомго, “Лопатка” сорту 110 сомго баасы түшүп кетти. Эл бизден бааны көтөрбөйсүңөрбү, ишкерлерден талап кылбайсыңарбы деп талап кылып жатат. Бирок, карапайым дыйкандарды жакшы түшүнүп, мээнетин текке кетирбегенге аракет кылып жатабыз”,- деди Жумаев.
Маалымдалгандай, 50 миң тонна буурчак менен Кыргызстан дүйнөдөгү буурчак рыногунда болгону 4 пайызын гана ээлегендиктен, баага таасир берип дүйнөлүк рынокту аныктай албайт.
“Талас облусундагы буурчактын баасына байланыштуу көйгөйдү көтөрүп, Айыл чарба министрлигине, өкмөт жетекчилигине жеткирдик. Министрлик колдоого алып 100 млн сом бөлүндү. Бул каражатка Таластын буурчагын сатып алып, башка рынокторго чыгалы деген шарт түзүлдү. Бирок, 100 млн сом буурчакка которуп келгенде миң тонна эле болуп жатат. Ары жакта дагы 49 миң тонна бар да”, - дейт ал.