Талас дарыясынын жээги бекемделүүдө

Аймак Загрузка... 08 Июнь 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-06-08 at 08.33.56 (4).jpeg

Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда Талас дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда дарыянын сол жээгинде дамба куруу иштери жүрүп жатат.

Аталган иштер дарыя жээгин коргоо жана сел, суу ташкындарынан келип чыгуучу коркунучтардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Буга кошумча аталган райондо Чеч-Дөбө айылындагы кайырма сел өткөрүүчү каналынын 1080 метр аралыгын механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.