Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Шайлоо күнү добуш берүү эртең мененки 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Эрежеге ылайык, төмөндөгү жарандар добуш бере алышат:
- 18 жаштагы жана андан жогорку курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Биометрикалык каттоодон өткөндөр;
- Паспорттогу каттоосуна, паспорттун чибинде жазылган белгисине ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган же добуш берүү күнүнө чейин кеминде 60 күн калганда жүргүзүлгөн жашаган дарегин калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөр (норма боюнча 90 күн, бирок азыр 60 күн, анткени бардык мөөнөттөр 1/3га кыскарган).
Добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргеликте идентификациялык жабдууларды колдонуу менен шайлоочулардын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча онлайн же оффлайн режиминде идентификация жүргүзүшөт.
Онлайн идентификациялоо
Шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен, ошондой эле анын катталган дарегине карабастан добуш берүүгө катышуусу. Ошондой эле өзүнүн шайлоо округунун чегиндеги участкаларды кошпогондо каалаган шайлоо участкасында аралыктан добуш берүүсү. Добуш берүүнүн бул түрү - шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган шайлоо участкасында добуш бере албаган жарандардын ыңгайына карата түзүлгөн. Андан сырткары, бир шайлоо округунун чегинде өз шайлоо участкасынан сырткары аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.
Оффлайн идентификациялоо
Катталган дареги боюнча добуш берүү күнү шайлоо участкасында жүргөн шайлоочуну жеке жана биометрикалык маалыматтарынын негизинде идентификациялоо. Ал шайлоо участкасында добуш берүүнүн стандарттык жол-жобосунда колдонулуп, жарандын инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Идентификациялангандан кийин тиешелүү округ боюнча чек менен бюллетень басылып чыгарылат.
Шайлоочу өзү тандаган бир гана талапкер үчүн тиешелүү чарчыга же баарына каршы деген чарчыга белги коёт. Андай болбогон учурда бюллетень жараксыз деп эсептелинет.
Белгилей кетсек, өлкөдө ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген. Бүгүнкү күндө шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты.