Талапкерлердин эсине! Жалган маалымат тараткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат - Тагаев

Коом 6 октябрь 2025 16:00
559474675_4202789953300571_5519051927334282608_n.jpg
481802133_18397867324100731_8324584473481960091_n.jpg
Алдыга
Артка
559474675_4202789953300571_5519051927334282608_n.jpg
481802133_18397867324100731_8324584473481960091_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Талапкерлердин эсине. Жалган маалымат тараткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салууну караган мыйзам ушул жылдын 10-февралында күчүнө кирген.

“Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат”, - деди ал.