Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү – БШК төрагасы

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 17:22
3122691.16bb81d8c34ce7ec1d170e4f360e2043.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 10-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 467 талапкерди каттаган. Бирок алардын ичинен 7 талапкер катышуудан баш тарткан.

“Шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкер 300 миң сом күрөө төлөшү керек болчу. Анын натыйжасында бюджетке жалпы 147 миллион сом түшкөн”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.