Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн жырылып кетишине байланыштуу жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат таратты.
Белгиленгендей, саат 18:40ка карата алдын ала маалымат боюнча жырылып кеткен Такыр-Төр көлүнөн жабыркагандар жана материалдык зыянга учурагандар катталган жок.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев жеринен маалымат берди.