Такыр-Төр көлү. Төмөнкү-Серафимовка интернатынын кызмат алуучулары кайра кайтарылды

Коом 28 июнь 2025 12:04
513059582_1168911661945172_206748336223440956_n.jpg
493722026_1168905661945772_12257677446185935_n.jpg
497134748_1168905455279126_5073280939694619968_n.jpg
505153375_1168919445277727_6080790517624488445_n.jpg
511192732_1168905581945780_7921207071257489487_n.jpg
513465828_1168905465279125_35640714745706578_n.jpg
513588161_1168905625279109_5960233567526093344_n.jpg
513707835_1168905555279116_2752139554215418114_n.jpg
513902181_1168919481944390_472559568938217217_n.jpg
513946195_1168960911940247_6143607347844599174_n.jpg
514248550_1168905511945787_2729215462046015214_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан кийин кырдаал турукташып, Төмөнкү-Серафимовка интернатынын кызмат алуучулары кайра кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу Төмөнкү-Серафимовский карылар жана майыптуулугу бар жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинин бардык кызмат алуучулары ыкчам түрдө эвакуацияланган.

Эвакуацияланган жарандар убактылуу мектептин имаратына жайгаштырылып, аларга тамак-аш, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Окуя болгон жерге эмгек министри Равшанбек Сабиров барып, эвакуация иштерин көзөмөлдөдү.

"Суунун агымы кыйла азайды. Жакынкы убактарда кырдаал толугу менен турукташат деп күтүп жатабыз. Бардык жарандар зарыл болгон жардамдарды алышты, жабыр тарткандар жок", — деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, күн мурун Такыр-Төр көлү жырылып, Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарынан жалпы 950 адам эвакуацияланган.