Таксиге лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды – ИИМ

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 19:37
IMG_0804.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Эске салсак, 2025-жылдын 12-сентябрынан тартып жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.

Кийинчерээк, 2025-жылдын 3-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.

Учурда өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан.

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты.

Азыркы тапта таксиге лицензия берүү өлкө боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.