Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын февраль айынан тарта "Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, таксилер лицензия алууга милдеттендирилет.

Мыйзам транспорт мыйзамдары менен лицензиялык системанын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу жана жол коопсуздугун жакшыртуу максатын көздөйт.
ИИМдин ЖКККББдан “Кабар” агенттигине лицензия алуудагы негизги талаптар, жаңы эрежелерди киргизүүнүн максаты жана келечекте такси ишмердүүлүгү кандай жөнгө салынары тууралуу айтып беришти.

“Кабар” агенттигине ИИМдин ЖКККББсынын Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев билдиргендей, таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам 2025-жылдын 22-августунда күчүнө кирген. Учурда өткөөл мезгил жүрүп жатат: жеке жактар лицензияны 2025-жылдын 1-декабрга чейин, ал эми юридикалык жактар 2025-жылдын 10-октябрга чейин алышы керек.
"Лицензияларды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана анын аймактык бөлүмдөрү саналат. Лицензия бир жылга берилет, ал эми документтерди узартуу үчүн жыл сайын жаңыртып туруу керек. Айдоочулардын тиешелүү категорияда, мисалы, “В” категориясында айдоочулук тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт, ошондой эле соттуулуктун жоктугу жөнүндө маалымкат бериши кажет. Адистер ага жараша жарандын кайсы берене боюнча соттолгондугун текшерет. Эгер адам өлтүрүү, зордуктоо, бала уурдоо, экстремизм же терроризм сыяктуу өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондугу аныкталса, лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирме жөнөтүлөт", - деди ал.

Ошондой эле Самбаев нарколог, психиатр, хирург, лор, окулисттин текшерүүсүн тастыктаган медициналык маалымкат (форма 083) берилиши керектигин кошумчалады.
Өз кезегинде ал таксилерди лицензиялоо мыйзамын киргизүүнүн зарылчылыгын түшүндүрдү. Башкармалыктын башчысынын айтымында, лицензиялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып, жүргүнчү ташыган унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алат, транспорт ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү сапаттуу жана коопсуз тейлөөнү камсыздап, ташуучулар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү менен ташуучулардын кесиптик деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатат.
Анын маалыматы боюнча, таксисттердин саны 25 миңдин тегерегинде же андан ашат. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 100 миңге жакын жаран туруктуу түрдө эмес бирок, жеке таксист болуп иштейт.

"Биз так санды айта албайбыз, анткени буга чейин бул иш-аракеттер жөнгө салынган эмес. Жылдын аягына чейин жүргүнчү ташуу менен жеке канча адам алектенээри белгилүү болот. Унаанын кайсы жылы чыкканына байланыштуу чектөөлөр жок, бирок ал милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүп, жол кыймылына чыгуу үчүн уруксат алышы керек. Белгилей кетсек, КР "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, оң рулдуу автоунааларды жүргүнчү, жүк ташуу боюнча коммерциялык ишмердүүлүккө колдонууга тыюу салынат. Таксинин таанытуучу белгиси милдеттүү түрдө болушу керек", - деди ал.
Башкармалыктын башчысы Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга ылайык, жеңил таксилер жылына бир жолу техникалык кароодон өтөрүн, ал эми башка транспорт каражаттары кароодон ыктыярдуу түрдө өтөрүн айтты.

Лицензиясы жоктор үчүн айып пулдар каралган: – жеке жактар үчүн – 7500 сом,
– юридикалык жактар үчүн – 23000 сом.
Лицензиянын баасы жеке жактар үчүн жылына 500 сом, юридикалык жактар үчүн 1000 сом.
Бүгүнкү күндө юридикалык фирмалар лицензия ала баштады. Алсак, 20га жакын фирма өз документтерин тариздешти.
Лицензия алуу үчүн ОСАГО керек эмес, бирок ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилиги болгондуктан, бул камсыздандыруу сөзсүз керек. Лицензия алуу үчүн жарандар Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) каалаган аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылышы керек.

“Яндекс, Jorgo жана Navi такси сыяктуу тиркемелер аркылуу иштеген жеке таксисттерге токтолсок, алар өз иш-аракеттери үчүн жеке жак катары жоопкерчиликтүү, ал эми юридикалык жактардын өзүнө жүктөлгөн милдеттери жана жоопкерчилиги бар. Жеке жактар фирма менен келишим түзүшү керек жана Салык кодексине ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап мобилдик агенттери бар фирмалар өздөрү таксисттерден салыктарды кармап калышат. Мында 2028-жылга чейин бир чакыруудан 1% салык жана 1% Соцфонд кармап калынат, андан кийин баасы жогорулайт”, - деди ал.
Ошондой эле ЖКККББ таксисттер тарабынан одоно мыйзам бузуулар аныкталса 0777 102 102 WhatsApp номери аркылуу кайрылса болорун жана текшерүүдөн кийин тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилейт.