Так диагноз, ыкчам жардам. Панфилов районунда заманбап УДИ жабдуусу орнотулду

Ден соолук 03 Июнь 2025 15:50
503938575_729860332774671_2100045391790732497_n.jpg
503848960_729860289441342_7201422650095044637_n.jpg
503716839_729860256108012_353735136085054656_n.jpg
Алдыга
Артка
503938575_729860332774671_2100045391790732497_n.jpg
503848960_729860289441342_7201422650095044637_n.jpg
503716839_729860256108012_353735136085054656_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ) заманбап УДИ аппараты менен жабдылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жабдуу бейтаптарга ыкчам жана так диагностика жүргүзүүгө шарт түзүп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын кыйла жогорулатууда.

Маалыматта белгиленгендей, УДИ дарыгери Аида Орунбаева жаңы жабдуулар медициналык мекеменин ишин кандайча өзгөрткөнүн айтып берген.

Анын айтымында, допплер функциясы бар жаңы жабдуу үч жогорку тактыктагы датчик жана принтер менен жабдылгандыктан, визуалдык көрүүнүн сапаты мурунку моделдерге салыштырмалуу бир топ жакшырды.

«Бул жабдуу мурда байкалбай калышы мүмкүн патологияларды аныктоого, изилдөөнү кыйла деталдуу жана так жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деген дарыгер.