Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Будапештте өтүп жаткан Polyak Imre & Varga Janos 2025 рейтингдик турниринин күмүш байгесине татыды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 61 кг салмак категориясында күрөшүп аткан балбан финалга чейин мыкты даярдыгын жана жеңишке болгон эркин көрсөтө алды.
Алгачкы беттешинде түркиялык Эмрах Орманоглуну 2:1 эсебинде, андан кийин индиялык балбан Удитти 5:0 эсебинде утту. Жарым финалда мекендеши Бекзат Алмаз уулу менен болгон курч беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Ал эми алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште 2025-жылдын Азия чемпиону, Япониялык Такару Судага 3:5 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш байгесине татыды.
Ошондой эле Бекзат Алмаз уулу да мыкты жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунду багындырып, коло медалга ээ болду.

Бүгүн, 18-июлда Будапештте өтүп жаткан турнирде эркин күрөш боюнча мелдештер 74 кг, 86 кг жана 92 кг салмак категорияларында уланат.
Кыргызстандын атынан Орозбек Токтомамбетов катышат. Ал 74 кг салмак чен бирдигинде 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын алгачкы атаандашы польшалык Шимон Войтковский болмокчу.