Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Таиланддын түштүгүндө өткөн футболдук мелдеш учурунда талаага чагылган түшүп, 24 жаштагы футболчу каза болду.
Thai PBS телеканалынын маалыматына ылайык, окуя "Golok FA Cup 2026" турниринин жарым финалдык беттешинин кошумча убактысында болгон. Ошол учурда аймакта катуу жаан, шамал жана күн күркүрөгөн аба ырайы байкалган.
Чагылган футбол талаасына түшүп, анын кесепетинен Сафван Аваэ аттуу оюнчу оор жаракат алып, кийин каза болгон. Дагы сегиз спортчу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
"Golok FA Cup 2026" — Таиланддын түштүгүндөгү бир нече провинциялардын жана Малайзиянын клубдары катышкан жергиликтүү футболдук мелдеш.