Табылды Актановдун 75 жылдыгына карата республикалык айтыш өттү

Маданият 18 Октябрь 2025 12:18
564258360_1115016424123446_1319230535710748644_n.jpg
561814690_1115016517456770_6052251824804263374_n.jpg
565128020_1115017040790051_3593136627573065395_n.jpg
565719747_1115016954123393_7698391665983334584_n.jpg
566210222_1115016907456731_3277914853926638323_n.jpg
564582339_1115016987456723_3242792765510794177_n.jpg
562469262_1115016794123409_445865136087509066_n.jpg
564736943_1115017077456714_6944762679115236191_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 18.10.25 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр, манасчы, акын жана дастанчы Табылды Актановдун 75 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баш байгени төкмө акын Элмирбек Иманалиев жеңди. 1-орунду Кутман Садыбакасов, 2-орунду Темирбек Матыбаев ээлесе, 3-орунду Арген Биймырза уулу алды.

Ошондой эле Жылдызбек Төрөканов жана Тынчтыкбек Эсенбай уулу атайын сыйлыктардын ээси болушту.

Белгилей кетсек, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Табылды Актанов 1949-жылы 12-мартта Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында жарык дүйнөгө келген. Ал манасчы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу. Бир нече пьесалардын автору. Учурда таланттуу инсан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.