Табиятка камкордук: Ысык-Көлдө ооруган ак куу куткарылды

Аймак 17 Декабрь 2025 09:06
590512302_18037419188718141_1886410038020998024_n.jpg
586697155_18037419212718141_7958375487391958225_n.jpg
587286280_18037419215718141_6589374278273401707_n.jpg
589023111_18037419203718141_5315134138555371646_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Даркан айылында ак куунун баласы куткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-декабрда жергиликтүү тургун Бектемир Бактыбек уулу көл жээгинде ооруп жаткан ак куунун баласын таап алган. Ал өз убагында туристтик-экологиялык милиция кызматына кабар берип, канаттууну кызматкерлерге өткөрүп берген.

Кийин ак куунун баласы коргоо жана калыбына келтирүү максатында Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" зоопаркына өткөрүлүп берилген.