Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Кылмыштуу топтордун таасири жана көзөмөлү үчүн күрөш учурунда адам өлтүрүүгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында мурда ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (каймана аты "Джин") катары турган, 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран ок атуучу курал колдонуу менен өлтүрүлгөн.
Эксперттик корутундуга ылайык, кылмыш болгон жерде табылган 9 мм калибрдеги ок жана гильзалар спорттук-машыгуу тапанчасынан атылган болушу мүмкүн экени аныкталган.
ИИМ маалымдагандай, бул киши өлтүрүү уюшкан кылмыштуу топтордун ортосундагы таасир талашка байланышкан. Тергөө учурунда алынган маалыматтарга ылайык, чыр-чатактын алкагында кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү атаандаш тараптын өкүлүн жок кылуу тапшырмасын алган.
Ушул жылдын сентябрь айында ИИМдин кызматкерлери тарабынан киши өлтүрүүгө шектелип 1983-жылы туулган Дж.Б. аттуу жаран кармалган. Анын автоунаасын текшерүү учурунда баңгизат болушу мүмкүн болгон төрт түрмөк табылып, алынган. Андан тышкары, шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кара куурайга окшош өзгөчө жыты бар заттар табылган.
Учурда алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда.