Таалай Базарбаев Биеннале жана Венето аймагынын жетекчилери менен жолукту

Коом Загрузка... 01 Август 2025 17:24
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш сапары менен Венецияга барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Анда элчи Венеция биенналесинин президенти Пьетранджело Буттафуоко, аймактык кеңешчи, Венето облусунун институттук иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Лучиано Сандона менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле иш сапардын алкагында 2026-жылы өтө турган Венеция заманбап көркөм өнөр биенналесинде Кыргызстандын Улуттук павильонунун орду катары бекитилген Санта-Катерина музейине барды.

Элчинин Венето аймагынын кеңешчиси, институттук иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Лучиано Сандона менен жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар боордоштук мамилелерди түзүү, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана студенттерди алмашуу программасын баштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты. Лучиано Сандона ошондой эле кыргызстандык компанияларды Венето аймагы менен кызматташууга чакырды.

Элчинин Венеция биенналесинин президенти Пьетранджело Буттафуоко менен болгон жолугушуусунда, тараптар Кыргызстандын 2026-жылы Венециядагы заманбап көркөм өнөр биенналесинде боло турган катышуусун талкуулашты.

Элчи кыргыз тарап катышууга даярдыкты алдын ала баштаганына, тактап айтканда Улуттук павильондун кураторун жана сүрөтчүсүн аныктаганына, ошондой эле учурда Кыргызстандын павильонунун концепциясы боюнча иштеп жатканына көңүл бурду. Президент Буттафуоко Кыргызстандын маданиятты жана улуттук иденттүүлүктү жайылтуу жаатындагы ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Маалымат үчүн: Венеция биенналеси 130 жылдан бери дүйнөдөгү эң абройлуу маданий мекемелердин бири болуп саналат. Венеция биенналесинин тарыхы биринчи эл аралык сүрөт көргөзмөсү уюштурулган 1895-жылдан башталат. 1930-жылдары жаңы фестивалдар пайда болгон: музыка, кино, театр жана искусство фестивалдары (1932-жылдагы Венеция кинофестивалы тарыхта биринчи болгон).