Төө-Ашуудагы туннелдин кире беришине унаа токтотуучу жай курулат

Аймак 18 июль 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.03.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.03.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын иретке келтирүү иштери активдүү башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө.

Бишкек — Ош авто жолунун аталган тилкесин капиталдык оңдоо долбоорунда туннелдин кире беришине унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ тартуу зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.