Унаа токтоочу жай, эс алуу аймагы. Төө-Ашуудагы туннель жаңыланууда

Коом 12 сентябрь 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-12 at 09.22.34.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасын иретке келтирүү иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда туннелдин түндүк тарабында асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Ал эми түштүк тарабында асфальт басуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Бишкек — Ош жолундагы туннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.