Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 17:40тан тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнү-түнү инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.