Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 17 Декабрь 2025 13:35
598015865_1173174404991304_21790061412700954_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн 13:00дөн тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.