Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат – ашуулардагы абал

Аймак 26 декабрь 2025 09:29
605141709_1179778090997602_129865246623877482_n.jpg
605121303_1179778087664269_122225589122993620_n.jpg
605121908_1179778184330926_6507959544173602558_n.jpg
607556468_1179778084330936_2729681706325586804_n.jpg
607690824_1179778154330929_1312371040523819641_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.

Мындан тышкары, бардык унаа жолдорунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз", - деп айтылат маалыматта.