Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат

Аймак Загрузка... 18 Сентябрь 2025 10:12
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да кар жаап, атайын жол тазалоочу техникалар жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Аталган иштер "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө ишканалары тарабынан күнү-түнү аткарылууда.