Төө-Ашуу жана Ала-Белде жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө

Аймак 6 ноябрь 2025 10:02
575197845_1141808571461221_1591267308081117480_n.jpg
577824155_1141808484794563_5963295001636377750_n.jpg
575196850_1141808498127895_2054115460332658355_n.jpg
576653847_1141808568127888_3345509379231082996_n.jpg
577389563_1141808488127896_2340250915126204900_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бүгүн саат 09:15ге карата Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.