Сыноолорго сынбаган Толкунай: жашоо күрөш жана максаттардан турат

Ден соолук Загрузка... 26 Декабрь 2025 10:38
Безымянный.png
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

"Кабар" агенттиги бир ай мурда жардам сурап коомчулукка кайрылган Толкунай Муратбек кызы тууралуу материал жарыялаган болчу. Каарманыбыз жакында эле жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Элден чогулган каражатка жер тилке сатып алыптыр. Жаз алды менен там салуу иштери башталат экен. Эми Толкунайдын орундала элек эң башкы кыялы калды. Ал жасалма колдорду салдыруу. Жакында эле Түркия мамлекетине барып келди. Дарыгерлер текшерип, жасалма интеллектуалдык кол салса болорун айтышыптыр. Анын баасы 75 миң еврону чапчыйт. Толкунай кайрадан замандаштарынын жардамына муктаж.

"Элимден кайрадан жардам сурап чыгуу мага оңойго турган жок. Бирок, мен муктажмын. Мага бионикалык протез керек болуп жатат. Аны колдонгон адамдарды көрүп алып, менде шыктануу, чоң үмүт пайда болду. Мен дагы өз алдымча оокат кылып, колум менен бир нерсе кармап, баламды башынан сылап, эки колум менен кучактагым келет. Баламды жетелеп бала бакчага, мектепке алып барсам дейм. Кичинекей кезимде өзүм менен тең балдар эмнеге колуң жок деп сурашса, абдан жаман абалда калат элем. Ошондой жагдайга баламдын дагы кабылышын каалабайм. Протездин баасы 75 миң евро экен. Бул оңой сумма эмес. Бирок, кыргыз элимдин колдоосуна ишенем", - деди ал.

Толкунай эки колу жок төрөлгөн. Учурда 22 жашта. Ушунча жылдан бери азаптуу күндөрдү башынан өткөрүп келгенин айтат. Ал 2 килограммдан ашык салмакты көтөрө албайт. Өзүн-өзү тейлөөдө, үй оокаттарын кылууда, атүгүл баласын кийинтип-чечинтүүдө апасынын колун карап калат. Кичинекей кезинде буту менен тамак ичип, сүрөт тартчу экен. Кийинчерээк ал жөндөмү калып кетиптир. Азыр колу менен иштеп калган экен. Каарманыбыз бала кезинде форма кийип, милиция болууну кыялданчу. Бирок, ден соолугуна байланыштуу үйдөн окуган. Элдин талкуусунан тартынып, ата-энеси мектепке берген эмес. Убагында мектеп, жогорку окуу жайларда билим ала албай калганына Толкунай азыркыга чейин өкүнөт. Каражаттан көз карандысыз болууну каалайт. Айымдардын жүзүн боёп, косметикалык каражаттарды сатып иштеп көргөн.

“Бирөөдөн акча сураш мен үчүн абдан оор. Ошондуктан өзүмдү-өзүм каржылагым келет. Азыр келечектин аракетин көрүп жатам. СММ, мобилограф кесибин алып кетсемби деген ойдомун. Ал эми башка тармакты караштырып көрсөм, колу жок адамга жумуш табылбайт деле экен", - дейт ал.

Толкунай биринчи топтогу майып. Бирок, бул абалына көп деле кейибейт. Тескерисинче тизелебей тик жүргөнүнө, көзү көрүп, кулагы укканына каниет кылат. Ал жашоо күрөш жана максаттардан турат дейт. 3 жыл мурда өзүнөн бир топ жаш улуу жигит ала качып кеткен. Бирок, пикир келишпестиктерден улам жолдошу экөө көпкө жашаган эмес. Учурда 3 жаштагы баласын өзү жалгыз тарбиялайт.

“Алты саны аман туруп, мен жашоого нааразымын деген адамдарга биздин жашоо жеңил деп айткым келет. Кудай адамдын өзүнүн деңгээлине жараша сыноо берет. Жаш кезимде "эмне үчүн мен, эмне үчүн мен майып болуп калдым?" деп наалыйт элем. Бирок, азыр түшүнөм, Кудай мага ушул сыноону мени көтөрө алат, ушул сыноону жеңип чыгат деп берди. Азыр колум жок деп нааразычылык айтпайм. Күнүнө миң ирет шүгүр келтирем", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Толкунай төрт бир тууган. Үйдүн кенже кызы. Учурда ата-энеси менен айылдын четиндеги сарайда турат.