Бүгүнкү күндө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген. Саналуу күн мурда документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жактырылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо сунушталды. Мыйзам долбоорунда 46 мамлекеттик сыйлыктын 20 түрүн гана калтыруу сунушталууда. Биз бул ирет мамлекеттик сыйлыктарды кыскартуу зарылдыгы жана жаңы өзгөртүүлөр тууралуу кеп кылабыз.

Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдиргендей, учурда Кыргызстанда жалпысынан 46 мамлекеттик сыйлык, сый акы жана ардак наамдар каралган.
Статистикалык маалыматтар боюнча, “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалын кошпогондо, акыркы 15 жылда 1034 мамлекеттик сыйлык, 2837 Ардак грамота жана 2215 ардак наамдар тапшырылган.

Кубан Казаковдун айтымында, бул жагдай Ардак грамота жана ардак наамдардын кеңири берилерин көрсөтүп, алардын баалуулуктарынын акырындык менен төмөндөшүнө алып келүү мүмкүндүгүн белгилейт.
“Ушуга байланыштуу колдонуудагы мыйзамдагы 46 сыйлыктын ордуна жаңы мыйзам долбооруна ылайык, анын 20сын калтырууну сунуштап жатабыз”, - деди ал.
Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик сыйлыктар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
- өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыктар: “Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
- “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
- биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
- I даражадагы “Манас” ордени;
- II даражадагы “Манас” ордени;
- III даражадагы “Манас” ордени;
- “Курманжан Датка” ордени;
- “Эрдик” ордени;
- “Даңк” ордени;
- “Достук” ордени;
- “Баатыр эне” ордени;

- экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
- “Даңк” медалы;
- “Эне даӊкы” медалы.
Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ардак наамдары:
- “Кыргыз Республикасынын эл артисти”;
- “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”;
- “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”;
- “Кыргыз Республикасынын жаратманы”;
- “Кыргыз Республикасынын сыймыгы”.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары:
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы.

Мыйзам долбоорунда “Данакер”, үч даражадагы “Эрдик” ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамын жана экинчи категориядагы “Эмгек сиңирген” деген ардак наамдарын мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдардан алып салуу менен биргеликте Ардак грамота жана “Эмгек сиңирген” наамдарын министрлер кабинети тарабынан уюштуруу сунушталып жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Эмгек сиңирген” ардак наамынын макамынын төмөндөшүнө токтолду.

“Эмгек сиңирген” деген наамдын мамлекеттик сыйлыктардын арасында турганы эле жакшы болмок. Мамлекеттик сыйлык болуп турганда, иргелип, текшерилип, электен өткөрүлгөн соң гана кесибинин эң мыктыларына берилчү да. Буга жетүү үчүн канчалаган комиссиялардан өтөт эле. Эми токтом менен чыга турган болсо, статусун жоготуп алат, берилиши да жөнөкөй болуп калат. Ар бир адис адам эмгек сиңириш үчүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга аракет кылат. Тынбай иштейт. Өмүрүн арнайт. Менин оюмча, муну дагы караштырып көрүү керек”, - деди эл өкүлү.
“Эл акыны” ардак наамын алып салуу сунушу да сынга кабылууда. Анткени мыйзам долбоорунда “эл жазуучусу”, “эл артисти” наамдары калтырылган. Мындан улам “эл акыны” ардак наамын калтыруу керектиги айтылып жатат.
Депутат Жанарбек Акаев “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамын жокко чыгарууга болбой турганын айтып, акындарга «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» наамын ыйгаруу туура келбестигин кошумчалады.

“Өмүр бою филармонияда, опера балет театрында жана башка мекемелерде, райондордо 20-30 жылдап ишине өмүрүн арнаган маданий кызматкерлер, ошондой эле дарыгер, мугалимдер бар да. Маяналары көтөрүлдү. Ага кошо анча-мынча наамдарды берип, кубантып, эмгегин баалап келе жатканбыз. Менин билишимче, 2 миң сомдун тегерегинде акча кошулат. “Кыргыз Республикасынын эл акыны” наамын калтыруу туура болот го деп ойлойм. Анткени аларды жазуучу деп атай албайбыз да. Төкмөлүк – бул өнөр да”, - деп белгиледи ал.
Кыргыз эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Ал “Кабар” агенттигине сыйлыктарга татыктуу болуу үчүн 82 жашка чыкканына карабай, Жаңы жылдан баштап эске каларлык, ушул убакка чейин жазгандарынан артык эмгек жаратуум керек деп турганын айтты.

“Кандай гана сыйлык албасын, өз кесибинин ээси дагы да алдыга умтулууга, ошол сыйлыкка татыктуу болууга аракат жасайт. Ардак грамота алгандар мына мен президенттин колунан сыйлык алдым, мындан да жакшы иштешим керек, эми эмгек сиңиргенге аракет кылам деп эмгек кылат. Ошол 5 жыл ичинде жакшы жыйынтыктарын көрсөтүүгө умтулат. Сыйлык албетте, стимул болот. Ошондуктан мыйзамдын демилгечилери адамдардын эмгегин, социалдык жагын эске алышы керек. “Эл акыны” жана “Эмгек сиңирген” деген ардак наамдарды калтырып эле коюшканы оң болот го деп ойлойм. Анткени эмгеги бааланып, эл акыны, эл жазуучусу, эмгек сиңирген ишмер жана дагы орден-медалдарды алгандар ыраазы болуп эле жүрдү”, - дейт акын.
Ал арада президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү талкуулап, сунуштар аркылуу алымча-кошумчасы менен толуктап койсо болорун белгиледи.
Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында келип түшкөн.