Бишкекте 1100 орундуу жатакананын курулушу токтотулду. Себеби

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 14:30
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагында уруксат кагаздары жок башталган курулуш иштери токтотулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүн жүргүзүлгөн текшерүүдө Жал кичи районундагы №30 даректе тиешелүү документтери жок жана мамлекеттик реестрге катталбастан жер казуу иштери жүрүп жатканы аныкталган.

Кийинчерек бул объект аталган окуу жайдын 1100 орундуу жаңы жатаканасы экени белгилүү болду.

Мыйзам бузуунун алкагында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Битрейд Импекс" ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом көлөмүндө айып салынды. Кемчиликтер толук жоюлганга чейин объекттеги бардык курулуш-монтаждоо иштери расмий түрдө токтотулду.

Мамлекеттик курулуш көзөмөлү бардык компанияларды шаар куруу ченемдерин так сактоого чакырат.