Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер жок. Эки өлкө тең негизги тышкы саясий маселелер боюнча бири бири менен өз ара аракеттенет. Ал эми Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун мамлекеттик сапары буга чейин жетишилген макулдашууларга көбүрөөк конкреттүүлүк алып келиши керек. Мындай пикирин бүгүн "Ала-Тоо 24" телеканалынын түз эфиринде Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, эл аралык саясат боюнча эксперт Данияр Сыдыков билдирди.
"Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. 30 жыл аралыгында алар дипломатиялык-протоколдук мүнөзгө ээ болуп келди. Ал эми акыркы бир нече жылда гана эки тараптуу мамилелер жанданып, айрым конкреттүү долбоорлор пайда болду. Бул президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандын жигердүү тышкы саясаты менен шартталды", - деди дипломат.
Ошондой эле Данияр Сыдыков белгилегендей, Монгодиянын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-монгол бизнес-форуму өтөт.
"Бул эки өлкөнүн ишкерлери кызматташтыктын мүмкүн болгон варианттарын талкуулоо үчүн конкреттүү аянтча. Мен Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда товар жүгүртүү боюнча айрым маалыматтар менен таанышып чыктым. Товар жүгүртүүнүн көлөмү чоң эес. Ал эми бул мамлекеттердин географиялык алыстыгына байланыштуу. Бирок ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында гана өткөн жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 50%га өстү", - деди эксперт.
Сыдыков Монголиянын биздин республикага кызыгуусунун сүп жатканын Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунунун курулуп жатканы менен байланыштырды. Эки өлкө тең деңизге түз чыга албайт. Ошондуктан Кыргызстанга дагы, Монголияга дагы ири керектөө рынокторуна товар жеткирүүгө көмөктөшө турган жаңы транспорттук коридорлор маанилүү.
Ошондой эле эксперт сапардын алкагында Бишкек - Улан-Батор - Бишкек түз аба каттамын ачуу маселеси дагы талкууланарына ишенимин билдирди. Бул өз кезегинде молгол туристтеринин Кыргызстанга агымын көбөйтөт.
Мындан тышкары, Сыдыков өлкөлөр ортосундагы гуманитардык кызматташтыктын өскөнүн белгиледи. Ал буга Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган монголиялык студенттердин санынын өсүшүн мисал келтирди.