Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Президенттин Сузак районунун тургундары менен жолугушуусунда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Кара-Көл айылында туристтер үчүн эс алуучу жай куруу жана жолду оңдоо маселелерин көтөрдү.
Анын айтымында, Кара-Көл айылында 5 гектар жерге туристтерди кабыл алуучу эс алуу жайын куруу сунушу түшүп, протоколго киргизилген. Бирок тиешелүү мекемелер тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлбөй жатканын белгиледи.
Ошондой эле Манас шаарынан Кара-Көл айылына чейинки 45 чакырым жолдун 17 чакырымын оңдоо зарылдыгын айтып, бул тилкедеги иштер жай жүрүп жатканын билдирди.
Мамлекет башчысы көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, тиешелүү тармактарга аталган маселелерди карап чыгуу тапшырмасын берди.