Сузактын Кайрагач айылы таза суу менен камсыз болду

Аймак 6 декабрь 2025 14:52
595149830_1959172321616689_8500901989498138232_n.jpg
593761298_1959171978283390_1990635878281004543_n.jpg
594065590_1959172411616680_2998276303911376055_n.jpg
594436458_1959170951616826_7162772440076913562_n.jpg
595141987_1959172381616683_10792155524635251_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Сузак районунун Кайрагач айылы таза суу менен толук камсыз болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоорду ишке берүү иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демилгечилер жана айыл тургундары катышты.

Аталган долбоор "Ас-Сафа борбору" фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы 11 млн 339 миң сом жумшалган.

Облус башчысы Тилек Текебаев таза суу көйгөйүн чечүү — аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири экенин баса белгилеп, демилге көтөргөн жана каржылык колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Өкүл Кара-Дарыя айыл аймагына 2025-жылы өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, аймакта ишке ашкан бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду атады.

Мындан тышкары, Текебаев Арал айылында жеке ишкер тарабынан курулган кичи футбол аянтчасын ачып берди.