Сузактын Беш-Бала айылындагы 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 11 июль 2025 11:52
517032164_1240535357545511_3521829981466053871_n.jpg
516127499_1240535364212177_8632827170253782629_n.jpg
518270706_1240535324212181_5220020480165874466_n.jpg
518275048_1240535330878847_7979295442109190050_n.jpg
518292119_1240535304212183_1238765975749123008_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы №52 Арзыкулов атындагы заманбап мектеп быйыл пайдаланууга берилет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 орунга ылайыкталган.

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 734 чарчы метрди түзөт. Имарат үч негизги блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы.

Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Объектинин курулуш иштери Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.